Жаратман айымдар жамааты же БУУӨП креативдүү мейкиндиктер аркылуу аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кантип көмөктөшөт
2024-ж., 26-July
Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү туруктуу өнүгүүнүн негизги элементи болуп саналат. Өзүнүн дараметин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн алуу менен аялдар экономикалык өсүшкө, социалдык стабилдүүлүккө жана коомдук бакубаттуулукка олуттуу салым кошот.
Бирок, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө, айрыкча борбор шаарлардан тышкары аймактарда аялдар көп учурда өздөрүнүн дараметин толук ишке ашырууга тоскоол болгон белгилүү бир тоскоолдуктарга туш болушат. Өндүрүштүк потенциалдын чектелгендиги, иш орундарынын азайышы жана аялдардын коомдогу ролу тууралуу туруктуу стереотиптер менен мүнөздөлгөн аймактарда алардын дараметин ачуу үчүн инновациялык чечимдер талап кылынат.
Учурдагы тоскоолдуктарга жана жергиликтүү бийлик тарабынан жетишсиз каржылык колдоого карабастан, жамааттар кошумча нарк кошулган продукцияны түзүү үчүн жергиликтүү ресурстарды, анын ичинде материалдык эмес активдерди, мисалы, социалдык капиталды, маданий нормаларды жана өзгөчө белгини (брендингди) натыйжалуу пайдалана алышат. Бул өнүмдөрдү чыгармачыл жайгаштыруу аркылуу акча табууга болот, бул өз кезегинде өсүштү камсыз кылат. Аялдар өз жөндөмдүүлүктөрүн жана идеяларын ишке ашыруунун жаңы жолдорун табуу менен бул процессте негизги ролду ойной алышат.
Креативдүү экономика инновациялык товарларды жана кызматтарды түзүү аркылуу ИДПны жана иш менен камсыздандырууну жогорулатуу үчүн олуттуу потенциалга ээ. Креативдүү тармактар (индустриялар) жумуш орундарын гана түзбөстөн, инклюзивдик коомчулукту курууга шарт түзүп, анын ичинде аялдарды жаратман катары тартуу аркылуу жашоонун сапатынанын дагы жакшыртат.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана соода министрлигинин маалыматына ылайык, креативдүү тармактарда иштегендердин 40% аялдар, алардын көбү бейформал иштейт. Бирок, 2023-жылы БУУӨПтүн изилдөөсү көрсөткөндөй, респонденттердин креативдүү тармактарда жумушка орношууга болгон кызыгуусу күчтүү болгонуна карабастан, аялдардын жарымы өз көндүмдөрүн өнүктүрүүдөгү негизги тоскоолдук катары каржылык колдоонун жетишсиздигин аташкан.
Мындан тышкары, аялдардын 59 пайызы жолугушуу үчүн коопсуз, креативдүү мейкиндиктерди түзүү, идеяларды жана тажрыйбаларды бөлүшүү жана өз ара колдоо көрсөтүү зарылдыгын алардын катышуусун жогорулатуунун маанилүү уюмдук чарасы катары баса белгилешти.
Жаратман айымдар жамааты жергиликтүү бейөкмөт уюмдар жана муниципалдык бийлик органдары менен кызматташуу аркылуу иштейт жана ар кандай функцияларды аткарат. Анын ичинде креативдүү ишканаларда аялдардын бизнес-идеяларын сыноо жана илгерилетүү, финансылык сабаттуулук, гендердик теңчилик, мыйзамдуу укуктар жана ал тургай сексуалдык жана репродуктивдүү ден соолук сыяктуу темалар боюнча билим, атайын тренингдерди жана насаатчылык программаларын өткөрүү, маалымат алмашуу үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү, баштапкы каржылоо алууга жол ачып берүү максаты дагы каралган.
2022-жылы Оштогу Жаратман айымдар жамаатынын ийгиликтүү тажрыйбасы 2023-жылы Жалал-Абад жана Баткенде Жаратман айымдар жамаатын ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди. Адамдарга багытталган ыкма менен инклюзивдүүлүк принциптерин колдонуп, Жаратман айымдар жамааты ылдыйдан өйдө, бенефициарлардан тарта өнөктөштөр менен коомчулуктарга чейин бир нече деңгээлде таасир көрсөтүүгө умтулушат. Катышуучу аял-резиденттер негизги бенефициарлар болуп саналат, алар өздөрүн финансылык жактан да, эмоционалдык жана психологиялык жактан да күчтөндүрүү үчүн зарыл ресурстарды жана көндүмдөрдү алышат.
Жаратман айымдар жамаатынын Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча бөлүм башчысы Гүлсана Абытованын айтымында:
«Биз чындап эле аялдардын жумушсуздугун, ишке орношкондуктун аздыгын жана кирешенин жетишсиздигин аялдардын күчтүү жактары – курак, шырдак жасоо, сувенирлерди жасоо, туристтик кызматтарды көрсөтүү жана башкалар аркылуу чечүүнү кааладык. Аялдар пикирлеш адамдар менен таанышып, өз идеялары жана тажрыйбасы менен бөлүшүп, башкалардан жаңы нерселерди үйрөнүп, колдоо жана позитивдүү маанайда болушу керек. Аялдардын эмгегин, шык-жөндөмүн жана жөндөмдүүлүгүн таануу маанилүү, ал эми айыл жеринде бул оңой эмес. Алар мунун баарын Жаратман айымдар жамаатынын аянтчасынан таба алышат».
Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айылынын башчысы Айдарбек Алишеровдун сөздөрү да Жаратман айымдар жамаатынын жергиликтүү коомчулуктун өнүгүшүнө кошкон салымынын маанисин тастыктайт:
«2023-жылы Кетмен-Дөбө айылынын аялдары туризм тармагында конок үйлөрдө иштеп, туристтерди тейлөө багытында республиканын башка аймактарында ишке киргизилген Жаратман айымдар жамаатына кошулушкан. Жыйынтыгында айыл аймагында 4 конок үйү ачылып, анын ичинен 1 конок үйү мезгилге карай иштейт.
Аялдар туризм менен гана алектенбестен, кыргыз маданиятынын байыртадан бери келе жаткан салттуу килемдерин, курак буюмдарын жана башка көптөгөн нерселерди жасоо менен алектенишет. Жаратман айымдар жамаатынын катышуучуларын окутууда, тренингдерди өткөрүүдө жана айыл жериндеги аялдардын туризм, кол өнөрчүлүк жана башка тармактарда иштөөсүнө шарт түзүүгө жардам берди. Бул дагы аялдарга өз аймагынын дараметин өнүктүрүүгө, туристтик потенциалды көрсөтүүгө жана гүлдөп-өнүгүүгө шарт түзүүгө мүмкүндүк берди».
Жаратман айымдар жамааты жергиликтүү бейөкмөт уюмдарга жергиликтүү өнүгүү күн тартибин илгерилетүүгө мүмкүнчүлүк берет. Гранттарды берүү аркылуу демилге жергиликтүү өнөктөштөр үчүн инклюзивдүү экономикалык өнүгүүгө калыптанган салттуу жана инновациялык методологияларды жана ыкмаларды айкалыштыруу жана сыноо үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Көбүнчө аялдардын өкүлдөрү болгон жергиликтүү уюмдарга мыйзамдуулук жана жергиликтүү бийлик менен өз ара аракеттенүү жана бирдиктүү күч катары күн тартибин алдыга жылдыруу үчүн ыйгарым укук берилген.
Ноокат шаардык жумушсуздарга жардам көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Жунусов билдиргендей:
«Быйылкы жылы биз аялдарды ишке орноштуруу боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдүк. Биздин эң активдүү катышуучуларыбыздын арасында Жаратман айымдар жамаатынын координаторлору болду. Алар биздин иш-чараларга чоң салымдарын кошуп, активдүү катышып, өз ойлорун ортого салып, жакшы жыйынтыктарга жетишүүбүзгө жардам беришти. Биз кайда барбайлы, айымдар жетекчилерибиздин кеп-кеңешин угуп, алардын номерин алып, эмне кылып жатканына кызыгып, биз менен иштешүүнү кааларын айтып, кайрылып жатышты. Андыктан алардын биздин ишмердүүлүккө кошкон салымын биз абдан баалайбыз».
Бул демилге бүткүл өлкө боюнча Жаратман айымдар жамаатынын тармагын өнүктүрүү аркылуу маанилүүрөөк таасир түзүү ниети менен уланууда. Азыртан эле 300дөн ашык аялдар Жаратман айымдар жамаатынын резидентери (мүчөлөрү) болуп калышты жана 1000ден ашык аялдар ар кайсы жерлерде тармакка кошулушту.
Жаратман айымдар жамааты уникалдуу жана масштабдуу экендигин далилдеп, уюмдар жеринде жергиликтүү шарттарга ылайыкташа ала турган модельге айланды. Тургундардын чыгармачылык жөндөмүн монетизациялоонун жана жергиликтүү бийлик органдарынын колдоосунун аркасында Жаратман айымдар жамааты каржылык жактан да, мазмундук жактан да туруктуулукка жетишип, өз ишин ийгиликтүү жүргүзө алат.
Мындай туруктуулуктун жаркын мисалы болуп Кызыл-Кыя шаарында Жаратман айымдар жамааты үлгүсүндөгү кийим тигүү тармагындагы аялдарды бириктирген аялдар кооперативинин түзүлүшү саналат.
Жаратман айымдар жамаатынын дагы бир маанилүү демилгеси - Токтогул шаарын туристтик жай катары өнүктүрүү, ал жергиликтүү экономиканы чыңдоого жана коомчулуктун жашоосун жакшыртууга жардам берет. Бул моделдин ийгилигине шыктанышып, быйылкы жылы Нарын облусунда үч жаңы Жаратман айымдар жамаатын ачуу пландалууда. Бул моделдин натыйжалуулугун гана тастыктабастан, ошондой эле БУУӨПтүн катышуусун талап кылбастан, келечектеги синергия жана туруктуулук үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Жаратман айымдар жамаатынын тармагын түзүү билим алмашуу, тажрыйбаны тереңдетүү жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берүү аркылуу иш жүзүндө иштешкендердин коомчулугун түзүүгө гана жардам бербестен, айыл жамааттарындагы аялдардын ролуна карата көз караштарды түп тамырынан өзгөртөт. Бул тармак аялдарды чечим кабыл алуу процессинде бирдей жигердүү жана активдүү катышуучулар катары илгерилетет. Кийинки блогдо биз Жаратман айымдар жамааты гендердик стереотиптерге каршы чыгуу жана илгерилетүү аркылуу айылдык жамааттардагы ченемдик жана жүрүм-турумдун өзгөрүшүнө кандайча түрткү берип жатканын изилдейбиз.
Блог БУУӨПтүн интеллектуалдык продуктыларды өнүктүрүү боюнча консультанты Айкерим Мотукеева менен бирге жазылган.