Кыргызстанда климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун улуттук планын алдыга жылдыруу

2024-ж., 31-May

 

31-май, Бишкек – Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы (БУУӨП) менен биргеликте БУУӨП-GCF долбоорунун аралык жыйынтыктары боюнча: «Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо чараларын ишке ашыруу, орто жана узак мөөнөттүү пландаштыруу үчүн Улуттук адаптация планын (УАП) иштеп чыгуу процессине көмөктөшүү” аттуу кереге кеңешин өткөрдү.

 Кереге кеңеште тармактык пландар менен катар тармактык жана региондук адаптациялоо чаралары сунушталды. Конструктивдүү талкууга кызыкдар тараптар, анын ичинде коомчулук, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, академиялык чөйрө жана эксперттик коомчулук катышты.

 Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаев Кыргызстандын климаттык аракеттерге берилгендигин баса белгиледи: «Биз республикалык деңгээлде адаптациялоо планын гана эмес, тармактык деңгээлде төрт планды иштеп чыгуудабыз. Мындан тышкары, климаттык жактан өтө аярлуу аймактар үчүн аймактык деңгээлдеги үч адаптациялоо планынын үстүндө иштеп жатабыз. Бул пландарды улуттук жана аймактык өнүгүү стратегияларына интеграциялоо жана киргизүү абдан маанилүү».

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандын келечегине олуттуу коркунуч жаратууда. Аба ырайынын кескин өзгөрүшү тез-тезден жана кыйратуучу болуп, айыл чарба, саламаттыкты сактоо, биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу сыяктуу негизги тармактарга таасирин тийгизүүдө.

БУУӨПнин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлүнүн орун басары Моника Ризал белгилегендей: «Көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү жана тоо күн тартибине артыкчылык берүү боюнча Президент Жапаров жарыялаган милдеттенмелер Кыргызстандын дүйнөлүк аренада үлгү болууга бекем чечкиндүүлүгүн көрсөтүп турат. Бул милдеттенмелер Кыргызстандын климаттын өзгөрүүсү менен жигердүү күрөшүн чагылдыруу менен эл аралык деңгээлде таанылды».

Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, экосистемаларды коргоо, климаттык тобокелдиктердин алдын алуу жана калктын ден соолугун сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети БУУӨП-GCF өнөктөштүгүнүн колдоосу менен Климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун улуттук планын иштеп чыгуунун үстүндө жигердүү иштеп жатат.

 Бул долбоордун алкагында төрт негизги сектордогу климаттык тобокелдиктерге баа берилди. Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустары үчүн тармактык адаптациялоо пландары жана иш-чаралар пландары иштелип чыккан. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетине жана Кыргыз Республикасынын Гидрометеорология кызматына климаттын өзгөрүшүнө так мониторинг жүргүзүү үчүн 95 статистикалык көрсөткүчтөрдү түзүү менен климаттын өзгөрүүсүнүн статистикасынын системасын өркүндөтүү боюнча колдоо көрсөтүлдү.

 Депутат Динара Ашимова: «Адаптация пландарында аялдардын ролу чагылдырылышын суранат элем. Аялдар жашыл демилгелерди жайылтууда абдан жигердүү. Өлкөнүн жашыл экономикага өтүшүн камсыз кылуу үчүн аялдардын насаатчылык программаларын иштеп чыгуу керек» деп белгиледи.

Адаптация пландарынын даярдалган долбоорлору боюнча биргелешкен диалог жана пикир алмашуу бардык кызыкдар тараптардын сунуштарын эске алууга жана каалаган натыйжаларга жетишүүгө мүмкүндүк берет.

Кереге кеңештин жүрүшүндө саясатчылар жана эксперттер жетектеген УАПнын бир нече негизги элементтери талкууланды. Талкуулар УАП климаттык моделдердин жана маалыматтардын жакшыруусун чагылдыруу үчүн тынымсыз жаңыланып туруучу итеративдик процесс экендигин баса белгилешти. БУУӨП-GCF өнөктөштүк тарабынан каржыланган УИП долбоору аркылуу олуттуу прогресске жетишилди, анын ичинде Улуттук статистикалык комитет жана Гидрометеорология кызматы менен биргеликте 95 конкреттүү көрсөткүчтөн турган климаттык статистиканы иштеп чыгуу.

Улуттук статистикалык комитеттин жетектөөчү адиси Елена Доронина төмөнкүлөргө токтолду: "Биздин жалпы камтуучу климаттык статистиканы түзүү боюнча ишибиз улуттук деңгээлде дагы, жергиликтүү деңгээлдерде дагы климатка ыңгайлашуу боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга негиз болуп саналат. Бул статистика маалыматтарга негизделген ишенимдүү пландоонун пайдубалы болмокчу."

Кереге кеңеш бардык талкууланган пландарды жана өзгөртүүлөрдү Улуттук адаптациялоонун акыркы планына киргизүүнүн маанилүүлүгү жөнүндө консенсус менен жыйынтыкталды. Кереге кеңештин максаты иштелип чыккан пландарды тиешелүү министрликтерге макулдашуу үчүн сунуштоо болгон.