Чынаранын столунда предметтердин уникалдуу коллекциясы бар. Четтен караганда бул түшүнүксүздөй болуп көрүнөт, бирок бул витаминдери бар бош кутулар анын клиенттерин өмүрүн сактап кала алат: “АИВ менен жашаган көптөгөн адамдар стигманын айынан антиретровирустук терапияны кабыл алуудан баш тартышат. Кээде алардын аялдары же энелери дагы алардын статусу жөнүдө билишпейт. Ошондуктан аларга өзүнүн таблеткаларын ушул кутуларга салып койгула деп айтам. Терапиядан баш тартып жаткан адамдардын көпчүлүгү аңгемелешүүдөн кийин кабыл алууну баштаганга макул болушат. Көйгөй эмнеде экендигин түшүнүү үчүн жөн эле ар бир адамга туура мамиле жасаганды табуу керек”.
Чынара АИВ менен күрөшүүнүн энергиялуу активисткасы гана эмес, ал ким жыгылса дагы жардамга кол сунууга дайыма даяр.”Мен дайыма юрист болууну каалачу элем, бирок ал кезде окуу абдан кымбат эле.Бала кезимде эле апама жумушунда пол жуугуч болуп жардам берчүмүн, бул болсо ар кечтеги кошумча акча табуу эле. Мен ага кабинеттерди гана эмес, баарын тазалаганга жардам берчүмүн, жана мени айрым адамдардын анын жумушуна текебер мамиле кылгандыгы ыза кылчу, ошондуктан мен дайыма эшиктерге өз колум менен жазылган, апамдын эмгегин сыйлоого чакырган табличкаларды илип койчумун”.
Чынара юриспруденция чөйрөсүндө билим ала алалбаса дагы, ал иш жүзүндө аялууларды коргоо менен адвокат болуп калды, жана ал айласы кетип калгандарды куткарып калуу үчүн тоону томкорууга дагы даяр.
Боорукердик жана ынангандык
Көптөгөн кардарлар Чынара алардын жашоосун жакшы жакка бурду же ал тургай, аларды депрессиядан, айласыздыктан жана туңгуюктан алып чыгып, өлүмдөн куткарды, деп айтышат. Ал жашоо үчүн аларга экинчи мүмкүндүк берет, жашагысын келтире турган себепти табууга, жумушка орношууга жардам берет, гуманитардык жардам таратат, аларды моралдык жактан колдойт жана кээде бул зарыл болуп калса, өз акчасынан ижара акысынан кутулууга жардам берет. Бош убактыларында Чынара Жогорку Кеңештин Спикеринин алдындагы Гендердик Кеңеште эксперт жана Кызыл Жарым айда волонтер болуп иштейт.
“Мен адамдар менен иштегенди жакшы көрөм” – дейт Чынара. “Менин турмуштук кредом-аялууларга жардам берүү. Мен дайыма дискриминация менен зомбулуктан жабыркаган курмандыктарды, аялуу аялдар менен балдарды коргогум келет”. Чынараны өзүнүн турмуштук тажрыйбасы күчтүү жана өжөр болууга үйрөттү: бала кезинде кургак учук менен ооруп айыкты, жаш кезинде өзү ажырашууга мажбур болду, кийин ракты жеңе алды жана АИВ чөйрөсүндө иштегендиги үчүн гана стигмага кабылды. “Менин боюмда бар кезимде, АИВ чөйрөсүндө иштегендигим үчүн гана врач мени аборт жасатууга мажбурлагысы келди. Ал мага күндө чалып же кош бойлуулуктун 25 чи жумасына чейин келип турду” -деп ушул абсурдка кыжырлануу менен айтат. Чынарада АИВ жок, жана анын баласы ооруп калгыдай эч кандай тобокелдиктер дагы болгон эмес -жана АИВ менен ооруган адамдар дагы АРТтын жардамы менен дени соо балалуу боло алышат. Аялдамада баласы бар аялды көрсө Чынара дайыма токтойт жана үйүнө жеткирип койууну сунуш кылат, анткени ал ушунун бардыгын өз башынан өткөргөн. “Менин турмушум мени күчтүү болууга мажбурлады, менин жашоом мага канат берди. Дайыма эл сен тууралуу ойлогондон дагы жакшы экендигиңди далилдей жүрүшүң керек. Менин апам дайыма минтип айтчу: “Сага оорчулук келгенде, сен өзүңдөн жаман абалдагылар тууралуу ойло”. “Мен пациенттерге жана зомбулуктун курмандыктарына абдан боорум ооруйт. Көпчүлүгү мыйзамдарды билишпейт жана дискриминацияга кабылышат, ошондо алар чөгүп, кыйроого дуушар болушат. Мыйзамдар менен турмуш айырмаланышат, жана мен ушуну өзгөрткүм келет” – дейт Чынара. Анын кызматкерлеринин көпчүлүгү үчүн Чынара жөн эле менеджер гана эмес, андан дагы бийик адам. Ал дос, ага толугу менен ишенишет, ал тургай айрымдары үчүн алардын АИВ -статусун билген дүйнөдөгү жалгыз адам. “Мен ушул ишти кандай катуу сүйөөрүмдү кантип түшүндүрөөрүөмдү билбеймин, кандай сөздөрдү колдонууну дагы билбеймин” -дейт ал аңгемелешүүдө, офистин кызматкерлерине түшкү тамак даярдап жатып.
АИВди токтотуу үчүн иштөө
Азыр Чынара АнтиЖИКС Ассоциациясынын директору болуп эсептелет жана БУУӨП/Глобалдык фонддун долбоору менен шериктештикте иштейт. Бирок анын АИВ ке каршы күрөшкө болгон салымы эбак эле, университетте математика мугалими болуп иштеп жүргөндө эле башталган. “Менин айылдан келген көп окуучуларым бар болчу жана бул жакка келгенден кийин аларда ата-эненин контролдугу жок болду. Менин биринчи сабактарым менин предметиме эч кандай тиешеси болбосо дагы дайыма АИВ жана ИППП жөнүндө болчу. Мен аларды шаардын жашоосуна үйрөткүм келчү”,-дейт ал, эскерүүлөрүнө жылмайуу менен. “Мен мугалим катары илдеттердин алдын алууга көңүл бөлүнбөй тургандыгына түшүндүм. Мектептерде жыныстык тарбия жок, жана бул жаштардын жүрүш-турушунан байкалып турчу”.
АИВге каршы күрөшүү боюнча программалардагы өзүнүн узак карьерасында Чынара көптөгөн инновациялар менен шериктештиктердин демилгечиси болгон. “Биз алардын бардыгын, ар кандай чөйрөлөрдөн, чогулттук, программага тарттык, жана ошонун аркасында көп адамдар АИВ жөнүндө билип калышты”-дейт ал. Анын ассоциациясы ошондой эле абдан эффективдүү болгон Кыргызстандагы экспресс-тестирлөө боюнча алгачкы сынамдык долбоорду жетектеди: “Биз көп сандагы адамдан АИВди аныктадык жана БӨУ айрым врачтарга караганда адамдарга тестирлөөдөн өтүүгө жана дарылоону кабыл алууга жакшыраак ынандыра ала тургандыгын көрсөттүк. Тестирлөөнү медициналык кызматкерлер эмес, аутрич -кызматкерлер өткөрө алышат,жана азыр бул норма болуп калды”.
Чынара өзү күбөсү болуп калган АИВ менен күрөшүүнүн программаларындагы көп сандаган жеңиштерге карабастан, анын сөздөрү боюнча. ЖИКСти жоюуунун жолунда дагы эле көптөгөн тоскоолдуктар жатат. “Мен көрүп турам, биз бул илдетти азырынча жеңе элекпиз, биз аны жеңмейинче мен ишимди уланта берем”.
Добулдан кийинки күн
Чынара үчүн ЖИКС ке каршы күрөштүн Бүткүл Дүйнөлүк күнүнү улуттук кампаниясынын “Сенин ден соолугуң – Сенин укуктарың – Сеин жоопкерчилигиң! деген лозунгу абдан актуалдуу. “Ден соолук үчүн жоопкерчилик ар бир гражданинде жатат. Көп адамдар ооруканага өтө эле кеч кайрылышат, анан врачтарды күнөөлөшөт. Бирок, сен өзүңдүн ден соолугуң үчүн канчаны жасадың” – дейт ал, жеңил атлетикадагы өзүнүн спорттук карьерасынын жылдарын эстеп. “Ден соолук - бул адамдын тандоосу. Жана өкмөттүн ролу – тоскоолдуктарды жоюп, адамдарды дени сак жашоо образына үгүттөө. Бийликтеги адамдар мисал катары, дени сак, спортчул жана позитивдүү болушу зарыл”.
Качан иш АИВге чейин жеткенде пациенттер ден соолугунун көйгөлөрүнөн эле жабыркашпайт, ошондуктан алар колдоого муктаж. АИВ менен жашаган адамдар көп учурларда стигма менен дискриминациянын курмандыгы болушат, аларды үй-бүлөдөн жана ооруканалардан кубалап чыгышат, алардын укуктарын бузушат, жана көпчүлүгү коркунучтуу диагноздон башка эч нерсеси жок көчөдө калышат.
“Мен чын эле жашагысы келген жана аман калууну каалаган көптөгөн адамдарды кезиктирдим , жана бул мага көп нерсени үйрөттү”, -дейт Чынара. Ал дайыма өз кардарларын бутуна тургузуу үчүн, добулдан кийин кайрадан күн жаркырап чыга тургандыгын далилдеш үчүн күрөшөт.
“Бул узак жана туруктуу процесс. Андан дагы, АИВ менен жашаган көп адамдар калктын түйүндүү топторуна таандык жана оорудан тышкары, башка дагы көйгөйлөрү бар. Аларды үй-бүлөсү жерийт, алар зомбулуктун, фобиянын жана дискриминациянын курмандыктары болушат. Алар өтө эле татаал жана туруктуу эмес кырдаалдарда жашашат”. Түн ичинде Чынаранын кардарларынын бири өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет кылды – бул аларды жашоого мотивдештирүү менен каршы күрөшүп жаткан көп окуялардын бири. Анын ар бир кардарынын кайгысынын жана оорусунун өз тарыхы бар, бирок бул жерде, офисте, палоо жасап, кыйраткыч күчү бар тышкы дүйнө жөнүндө унуткусу келип, тез-тез чогулуп турушат.
Коопсуздук үчүн алар мезгил-мезгили менен офисти алмаштырып турушат, анткени анын кардарларынын көпчүлүгү куугунтукка кабылган. Кийинки жолугушууга даярдануу менен, Чынара дарбазаны май менен майлайт, анткени ал кыйчылдай баштаган. Ал кардарлардын келүүсү мүмкүн болушунча байкалбагандай болуусуна аракеттенет, алар ошону суранышат, ал эми уюм бул өтүнүчтү аткарат.