2018-жылы Акыйкатчы институту 1 миллионго жакын кыргызстандык таза ичүүчү сууга жетпегендиги тууралуу масштабдуу доклад жарыялаган. Үч жылдын ичинде абал анча деле өзгөргөн жок, жана ичүүчү сууга жетүү көйгөйү дагы эле курч бойдон калууда. Жергиликтүү бийлик органдары менен БУУӨПтүн кызматташтыгынын аркасынан Өзгөн бул тизмеден алынган.
Изилдөө көрсөткөндөй, өлкөнүн калкынын дээрлик 40%ы сугат каналдарынан, дарыялардан, арыктардан, булактардан суу ичишет, ошондой эле сырттан алып келген сууну колдонушат. Аймактарда бул көбүнчө адамдардын жашоосуна жана жалпы улуттун генофондуна олуттуу коркунуч туудурган көптөгөн жугуштуу жана ичеги ооруларынын өнүгүшүнө жана жайылышына себеп болот.
Таза суунун донорлары
Эгемендүүлүк жылдары бою Кыргызстан суу көйгөйлөрүн чечүү үчүн донорлордон ондогон миллион доллар алган, көбүнчө эл аралык уюмдар жергиликтүү коомдоштукка түз жардам көрсөтүшөт.
Мисалы, 2018-жылы БУУӨП Россия Федерациясынын каржылык колдоосу менен «Ош облусун интеграциялап өнүктүрүү» долбоорунун алкагында Өзгөн санэпидемстанциясынын лабораториясын суунун сапатын текшерүү үчүн заманбап жабдуулар менен камсыз кылган. Үч жылдан бери Өзгөн району, бул дээрлик 300 миңдей калк, таза сууну гана ичет.
«Биз суунун бардык сапаттарын, анын ичинде химиялык курамын да текшеребиз. Биз аммиак, нитрат, нитрит, хлорид, фтор, темир, таштардын көрсөткүчтөрүн карайбыз. Ал эми бул вольтамперометрикалык анализатор, ал токсикологиялык көрсөткүчтөрдү аныктайт», - дейт Өзгөн райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун лабораториясынын башчысы Асылкан Сатиева.
Лабораториянын адистери сууну 9 көрсөткүч боюнча текшерет, Өзгөн районундагы жыйырма чакты суу булагы, ошондой эле жаңы скважиналар алардын көзөмөлүндө. Лабораториянын корутундусу чечүүчү мааниге ээ, андан жергиликтүү бийлик калкка суу берүү мүмкүндүгүн чечет.
Ден соолук – эң башкы көрсөткүч
Лабораторияны жаңылоонун жыйынтыгы акыркы жылдары Өзгөндөгү суунун сапатына байланыштуу оорулардын дээрлик толук жоктугу болуп саналат.
«Суунун сапатын көзөмөлдөп туруу үчүн, суу үлгүлөрү бизге квартал сайын алынып келинет. Суунун курамы өзгөрдүбү, анын курамында зыяндуу заттар жокпу текшеребиз», - дейт лаборант Элиза Коңурбаева.
«Заманбап жабдуулар менен жабдылганга чейин, эски аппараттарды колдонуу керек болчу, алар бардык маанилүү көрсөткүчтөрдү көрсөтчү эмес. Мисалы, бизде дистиллятор бар болчу, бирок анализаторго керектүү бидистилденген (эки жолу тазаланган) сууну бере албайт болчу. Ошондой эле, биз суунун токсикологиялык курамына анализ жүргүзбөйт элек», - деп түшүндүрөт лабораториянын башчысынын орунбасары Асылкан Сатиева.
Биз билгендей эле
Ичүүчү сууга жетүү көйгөйү Өзгөн районунда жоюла элек болсо да, дагы бир курч маселе чечилди деп айта алабыз - буга чейин болгон суунун сапатын көзөмөлдөө. Аймактын калкынын абалын жакшыртуу боюнча божомол жүз пайызга аткарылды.
Кыргызстандын калкы үчүн ичүүчү сууга жетүү көйгөйүн толугу менен чечүү өлкөдөгү бардык чечим кабыл алуучулар үчүн чоң мааниге ээ болгон учурда гана мүмкүн болот. Азырынча бул маселелер көбүнчө донордук уюмдар жана жергиликтүү бийлик тарабынан гана чечилет. Ошол эле учурда, жашоонун сапатын жогорулатуу, социалдык чыңалууну азайтуу, бүтүндөй калктын ден соолугун чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү жалпы улуттук масштабдагы милдет болуп эсептелет. Жана бардык кыргызстандыктар ичүүчү сууга канчалык эрте жетсе, ошончолук жакшы болот.