Универсалдуу дизайн жана жеткиликтүү чөйрө боюнча тренинг майыптыгы бар адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет

2024-ж., 15-August
a group of people sitting at a desk

Бишкек, 14-август 2024 - 13-14-августта БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА Кыргызстандагы БУУнун координациясы менен ишке ашырылып жаткан «Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү» долбоорунун алкагында «Универсалдуу дизайн, жеткиликтүү чөйрө жана жөндүү ылайыкташуу» темасында семинар өттү.

Бул семинардын максаты инклюзивдүү коомду куруу үчүн универсалдуу дизайн концепциясы жана жеткиликтүүлүк жөнүндө мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана майыптыгы бар адамдардын жамааттарынын өкүлдөрүнүн маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат. Биз ар кандай майыптыгы бар адамдар жашоого толук жана өз алдынча катыша турган коомду кантип жайылтуу жана түзүү керектигин талкууладык.

Бул тренинг гендердик теңчилик, стратегиялык пландаштыруу, ресурстарды мобилизациялоо жана майыптык маалыматтарынын мониторинги сыяктуу маанилүү темаларды камтыган кеңири сериянын бир бөлүгү болуп саналат. Катышуучулар жеткиликтүүлүктүн ар кандай аспектилерин, анын ичинде физикалык инфраструктураны, транспортту, товарларды жана кызматтарды, маалымат жана коммуникацияларды изилдешти. Ошондой эле жеткиликтүүлүккө байланыштуу мамлекеттик саясатты жана эл аралык стандарттарды ишке ашырууну талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова белгилегендей, Өкмөт менен БУУӨПтүн биргелешкен аракети өлкөдө инклюзивдүү коомду өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт: «Мурда БУУӨПтүн колдоосу менен биз майыптыгы бар адамдардын сот адилеттигине жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча долбоорду ишке ашырганбыз.  Ошол аткарылган иштерди улантуу менен бул долбоордун алкагында майыптыгы бар адамдарга жеткиликтүү шарттарды түзүү үчүн жаңы чаралар көрүлөт».

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу майыптыгы бар адамдар боюнча кеңештин төрагасынын орун басары Толкунбек Исаков июнь айындагы жыйыныда инфраструктуранын жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгү маселеси каралганын айтты. Системалык өзгөрүүлөрдүн бир катар комментарийлери айтылды, мунун баары аткарылууда.

Тренингде ал инклюзивдүү коомдун компоненттеринин бири катары жеткиликтүү чөйрөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. «Эгерде тиешелүү каржылоо, жагымдуу мыйзамдар жана майыптыгы бар адамдарга жылуу мамиле болсо, жеткиликтүү чөйрө болбосо жогоруда айтылгандардын баары кереги жок болуп калат», - деди Толкунбек Исаков.

Кыргызстандагы БУУӨП 2019-жылы Кыргызстан ратификациялаган БУУнун Майыптыгы бар адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын ишке ашырылышын активдүү колдойт.

Конвенциянын 9-беренесинде Конвенцияга катышкан мамлекеттер ар кандай майыптыгы бар адамдар үчүн, анын ичинде имараттар, жолдор, транспорт, мектептер, турак жайлар, медициналык мекемелер жана жумуш орундары сыяктуу коомдук жайлар, ошондой эле маалыматтык, коммуникациялык жана башка кызматтар, анын ичинде электрондук жана тез жардам кызматтары үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыз кылууга милдеттенишет. Жеткиликтүү чөйрөнүтүзүү майыптыгы бар адамдарга көз карандысыз жашоо образын жүргүзүүгө жана жашоонун бардык аспектилерине: саясий, социалдык, экономикалык, маданий, спорттук, рекреациялык жана башка чөйрөлөргө толук кандуу катышууга мүмкүндүк берет.

«Кыргызстандагы БУУӨП Конвенцияны ишке ашырууда бардык кызыкдар тараптардын потенциалын өнүктүрүүгө, анын ичинде майыптуулук маселелерин климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун улуттук планына киргизүүгө, Конвенциянын ченемдерине ылайык мыйзамдарды кайра карап чыгууга, майыптыгы бар адамдарды жумушка орноштурууга, универсалдуу дизайнга, жеткиликтүү чөйрөгө жана акылга сыярлык ыңгайлашууга колдоо көрсөтүүнү улантат.Эгерде бардык катышкан тараптар жеткиликтүүлүк жаатында кандай принциптерди жана стандарттарды киргизүү керектигин түшүнүп, алардын сакталышын көзөмөлдөсө, анда бардыгы үчүн инклюзивдик коомду тезирээк түзүүгө болот», - деди БУУӨПтүн Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү» долбоору БУУнун үч агенттиги тарабынан ишке ашырылууда: БУУӨП, ЮНИСЕФ жана ЮНФПА. Долбоор Кыргызстандагы БУУ системасынын жалпы жетекчилиги жана БУУнун майыптыгы бар адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча өнөктөштүгүнүн колдоосу алдында.