Кыргызстандын жаштары климаттын өзгөрүүсү боюнча билдирүү даярдашты

2024-ж., 6-September

Бишкек, 6-сентябрь 2024 – Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштары климаттын өзгөрүүсү жана анын Борбордук Азия үчүн кесепеттери тууралуу билдирүү даярдашты. Документ 2024-жылдын 5-6-сентябрь күндөрү Борбордук Азияда жана Ооганстанда климаттын өзгөрүүсүнө тиешелүү маселелер боюнча жаштардын жана балдардын Регионалдык конференциясында (RCOY CA and Afghanistan 2024) расмий түрдө тааныштырылды. Конференцияга 200дөн ашык катышуучу, анын ичинде жаштар, балдар, улуттук жана регионалдык лидерлер, ошондой эле эл аралык өнөктөштөр, Канададан, Монголиядан, Түштүк Кореядан жана Индиядан келген коноктор катышты.

a group of people standing in front of a crowd
БУУӨП / Кыргызстан

Жаштардын негизги талаптары: чечимдерди кабыл алууга алардын өкүлдөрүн тартуу, климатка тиешелүү маселелер боюнча билим берүү программаларын жана жаштардын демилгелерин колдоо, суу ресурстарын башкарууга жана трансчек аралык суу ресурстары боюнча эл аралык макулдашууларды даярдоого жигердүү катышуу, мөңгүлөргө мониторинг жүргүзүүгө, жайыттарды башкарууга, экотуризмди өнүктүрүүгө жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга жаштарды тартуу, аярлуу жамааттардын жоготууларын таануу жана чыгымдардын ордун толуктоо. Ошондой эле мунун катарында климаттык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана жаштар менен аялдардын укуктарын кеңейтүү, чечимдерди кабыл алууга аялдарды тартуу, климат боюнча билимге жана жумуш орундарына бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, ошондой эле аялдар үчүн саламаттыкты сактоо программаларын даярдоо да бар.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Ооганстандын жаштарынын билдирүүсү профилдик мамлекеттик мекемелерге, ошондой эле чечим кабыл алуучу адамдарга жөнөтүлөт, ошондой эле документ ушул жылдын ноябрында Баку шаарында (Азербайжан) өтө турган COY29 – Климаттын өзгөрүүсү боюнча жаштар конференциясында тааныштырылат.

a group of people posing for the camera
БУУӨП / Кыргызстан

RCOY CA and Afghanistan 2024 Конференциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин азайтуу үчүн мамлекет жаш муунга колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. Ал төмөнкүлөрдү белгиледи: «Мен Борбордук Азия өлкөлөрүнөн жана Ооганстандан келген бардык катышуучулар менен учурашып жатканыма кубанычтамын. Биздин өлкө үчүн эң маанилүү тема – бул тоолор. Силер, жаштар, документиңизге «Тоолор жана климат» темасын да кошосуңар деп ишенебиз. Бүгүн биз коңшу мамлекеттердин лидерлери бири-бирин бир туугандардай колдоп жаткан мезгилде жолугушуп жатабыз, ар бирибиздин өлкөбүз жаңы белестерди багындырып, өсүп-өнүгүүгө умтулуп жаткан учур. Жакында Бакуда COP29 Конференциясы өтөт, мен Кыргызстандан ал конференцияга көбүрөөк жаштар катышат деп үмүт артып турам. Биз силерге ишенебиз».

a man wearing a suit and tie giving his speech
БУУӨП / Кыргызстан

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев да катышты.

«Климаттын өзгөрүүсү – бул биздин чөлкөм гана эмес, бүткүл дүйнө да туш болуп жаткан чакырык. Биздин бийик тоолуу мөңгүлөрүбүз тездик менен эрип баратат, биз барган сайын адаттан тыш аба ырайына күбө болуп жатабыз, ал эми узакка созулган кургакчылык же кыйратуучу сел түрүндө климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттери өлкөлөрүбүздүн экономикасына чоң зыян келтирүүдө. Зыяндын көлөмүн азайтып, жаңы шарттарга ыңгайлашуу үчүн биз ыкчам жана чечкиндүү чараларды көрүүгө тийишпиз », - деп баса белгиледи Медер Машиев.

«Борбордук Азияда дээрлик 15 миллион бала климат өзгөрүп жаткан чакта аярлуу абалда калып жатканын ЮНИСЕФтин балдар үчүн климаттык тобокелдиктер боюнча индекси көрсөттү. Биз ар бир өлкөдө климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чаралар балдардын жана жаштардын муктаждыктарына негизделип, бул укуктарды ишке ашыруу узак мөөнөттүү климаттык күн тартибине киргизилиши үчүн болгон аракеттерди көрүшүбүз керек», - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа.

a man wearing a suit and tie giving his speech
БУУӨП / Кыргызстан

БУУӨП жаштардын демилгелерин колдоп келатат жана жалпы чөлкөм боюнча жаштарды климаттык иш-аракеттерге көбүрөөк тартууга көмөктөшүүдө: Кыргызстанда жана Борбордук Азияда климаттын өзгөрүшү боюнча жаштар конференциялары жана жаштар кербендери уюштурулуп, Улуттук деңгээлде аныкталган салымдар даярдалып жатат.

«Жаштардын укуктары жана катышуусу келечектин гана маселеси эмес. Бүгүнкү күндө жаштар инновациялык чечимдерди даярдап, ишке ашырууда маанилүү ролду ойногон билимге жана көндүмдөргө ээ», - деди БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева.

a woman in a white jacket is giving her speech in front of the mic
БУУӨП / Кыргызстан

«Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова шаарлар барган сайын аярлуу абалда калып, ал эми жакырчылык климаттын өзгөрүүсүнө туруштук берүүгө бут тосуп жатканына, өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу боюнча чараларды чукул арада көрүш керектигине көңүл бурду.

«Жаштар – бул активисттер гана эмес, алар ошондой эле келечектеги кесипкөй адистер жана лидерлер, алар климаттык саясатты түзүп, негизги процесстерди башкарышат. Глобалдык климаттык процесстерде силердин ролуңарды дүйнөлүк коомчулук тааныды жана алдыда маанилүү окуя күтүлүп жатат – Бакуда постсоветтик мейкиндикте биринчи жолу Климаттын өзгөрүүсү боюнча тараптардын конференциясы (СОР 29) өтөт. Бул биздеги климаттык чакырыктарга дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу багытында биздин чөлкөм үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк», - деди «Юнисон Групптун» президенти Нурзат Абдырасулова.

Конференциянын уюштуруучулары: Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү, Кыргыз Республикасындагы БУУӨП жана «Юнисон Групп». Аларга Жаштарды өнүктүрүү институту, БААУга караштуу Жарандык активдүүлүк борбору жана климаттык демилгелерге жигердүү көмөктөшүп келаткан башка уюмдар сыяктуу өнөктөштөр кошулууда.

a group of people posing for a photo
БУУӨП / Кыргызстан

Байланыш үчүн маалымат: Бардык суроолор боюнча «Юнисон Групптун» ПР-менеджери Асель Айтбаевага кайрылсаңыз болот. Тел. номери +996 551 61 40 58 (w/a)

Конференция жөнүндө кыска маалымат:

Борбордук Азиянын жана Ооганстандын жаштарынын регионалдык конференциясы (RCOY CA and Afghanistan 2024) – бул жаштардын климаттын өзгөрүүсү жана туруктуу өнүгүү боюнча иш-аракеттерге катышуусун жана маалымдуулугун жогорулатууга багытталган негизги иш-чара. Конференция климатка тиешелүү көйгөйлөрдү талкуулап, натыйжалуу чечимдерди даярдоо үчүн аянтча болуп берип, климат саясатын түзүүгө жаштардын жигердүү катышуусуна көмөктөшөт.