Боз эчкемердин изи менен: БУУӨП жана Экология жана климат боюнча мамкомитети Батыш Тянь-Шанга экспедиция жүргүзүштү

2021-ж., 5-October

Боз эчкемер. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

БУУӨП жана Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген  боз эчкемердин (варандын) жашоо ареалын изилдөө үчүн Батыш Тянь-Шанда илимий-изилдөө экспедициясын уюштурушту.

Боз эчкемер – Борбордук Азиянын аймагындагы ири кескелдириктердин бири. Анын популяциясынын кескин кыскарышынын кесепетинен ал 1985-жылы эле Кызыл китепке киргизилген. Өзгөчө кайтарылган статусуна карабай, боз эчкемер дагы эле жок болуп кетүү коркунучунда турат. Рептилиянын жашоо ареалы Иран, Афганистан жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүн камтыйт.

Өлкөнүн Кызыл китебине ылайык, Кыргызстанда мурда боз эчкемер жалпы Ферганага жакын тоо боорунун аймагында, ал эми андан да мурда - Чүй жана Талас өрөөндөрүндө байкалган. Бирок, акыркы убакта анын жашоо аралыгы өлкөнүн түштүк аймактары менен гана чектелип, абдан кыскарды. Боз эчкемердин жашоо аралыгы абдан азайганы, аны Баткен облусунда гана табууга болоору айтылып келген.

Бирок, бүгүнкү күндө Кызыл китепке кирген эчкемердин айрым түрлөрү Жалал-Абад облусунун аймагында да табылган фактылары белгилүү. Аны дагы деталдуу изилдөө жана Батыш Тянь-Шандын аймагындагы  анын жашоо аралыгын аныктоо үчүн, БУУӨП/ГЭФ долбоору Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондоруна багытталган КР Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин Биоартүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА департаментинин жана БУУӨПтүн адистеринен турган илимий изилдөө экспедициясын колдоого алды.

Адистер боз эчкемердин жашаган жерин изилдөө максатында, камера тузагын орнотушууда. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Визуалдуу мониторингдин жардамы жана фототузактарды коюу менен, адистер боз эчкемерлерди андан ары изилдөө үчүн кеңири маалыматтарды чогултту. Биоартүрдүүлүктү сактоо жана ӨКЖА департаментинин башкы адиси Азат Осмоновдун айтуусу боюнча, “жаныбарлар жашашы мүмкүн деген жерлерди биз кылдаттык менен карадык”. “Кызыл китепке кирген рептилиянын жашаган жерин табууда жергиликтүү жашоочулар бизге чоң жардам беришти. Натыйжада, 8 жаныбарды көрө алдык, бирок алар дароо эле өз ийиндерине жашынып калышты. Ошого карабастан, биз аларды камерага тартып алганга жетиштик. Изилдөө маршрутунун жалпы узундугу болжол менен 20-30 км түздү. Эчкемерлер байкалган жерлерди GPS-навигатордун жардамы менен картада белгиледик. Ошентип, биз Жалал-Абад облусунун эки районунда   боз эчкемерлердин болжолдуу жашаган жерин чийдик” - деди Азат Осмонов. 

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин биоартүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары бөлүмүнүн башкы адиси Азат Осмонов жергиликтүү тургундар менен жолугушуу учурунда. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Экспедициянын жүрүшүндө адистердин командасы жакын жайгашкан айылдардын жашоочулары менен жолугушту жана жоголуп бара жаткан жаныбардын өзгөчө статусу туурасында билдирип, аймактагы бул фаунанын  уникалдуу түрүнүн сакталуу зарылдыгы туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

“Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, боз эчкемердин саны акыркы 20 жылдын ичинде дээрлик эки эсеге кыскарган. Акыркы 35 жылдан бери Кызыл китепке киргенине карабай, азайып жатат. Экспедициянын жыйынтыгында, биз браконьерлик негизги чектөөчү фактор экенин билдик. Бул сейрек кездешүүчү рептилиянын этин жана майын дарылыкка колдонууга болот деген шылтоо менен, мыйзамсыз кармоо жана сатуу учурлары белгилүү. Жергиликтүү жашоочулар чет өлкөдөн  тапшырыктарды алган учурлар дагы кездешет. Айылдыктардын сөзү боюнча, көпчүлүгү эчкемерлердин Кызыл китепке кирген статусуна жана аны мыйзамсыз кармаганы үчүн ири айып пул каралгандыгына карабастан, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузууга даяр,” - деп белгилейт Таалайбек Аманов, БУУӨП/ГЭФ долбоорунун талаа адиси.

Камера тузагы боз эчкемердин уядан чыгып бара жаткан учурун тартып алды. Сүрөт: БУУӨП Кыргызстан

Кыргыз Республиксынын Өкмөтүнүн 2013-жылы 3-майдагы №224 “Юридикалык жана жеке жактардын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө, мумие камтыган минералдык сырьего жана козу карындарга келтирген зыяны үчүн айыптын өлчөмүн эсептөөнүн таксаларын бекитүү жөнүндө” токтомуна ылайык, боз эчкемерди мыйзамсыз олжолоо (атып алуу, кармап алуу) үчүн 25 000 сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Талаа изилдөөсүнүн жыйынтыктары, зоологиялык өзгөчө корук уюштуруунун зарылчылыгын көргөзүп турат, анткени бул аймакта боз эчкемерден башка дагы сойлоп жүрүүчүлөрдүн бир катар түрлөрү табылды. Алар таш бакалар, кескелдириктер, мадыл жана чаар күсөн. Акыркы эки түр КРнын Кызыл китебине киргизилген. Өзгөчө корук түзүү Батыш Тянь-Шандын эндемикалык фаунасын сактоого жана аны андан ары көбөйтүүгө жардам берет.

БУУӨП жана Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети Батыш Тянь-Шандын глобалдык маанидеги биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоорду ишке ашырууда, анын негизги максаты – уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого көмөктөшүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (GEF) тарабынан каржыланат. Долбоор тууралуу кененирээк маалыматты бул шилтемеден тапса болот.

Боз эчкемер жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Кызыл китебинин маалыматы боюнча, боз эчкемер (Varanus griseus (Daudin, 1803) ssp. caspius (Eichwald, 1831) түштүк батыш-палеарктикалык түрдүн саны кыскарып келе жаткан түштүк-туран түрчөсүнүн чачыранды популяцияларына кирет. Бул аймактагы түркүмдүн жалгыз өкүлү болуп саналат. Түрчө Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн Кызыл китебине, СИТЕСтин 1-тиркемесине киргизилген.

Боз эчкемердин ири жаныбарларынын узундугу  бир жарым метрге жетиши мүмкүн (анын 90 сантиметри эле куйругуна кетет), ал эми салмагы 3-3,5 килограмм. Жашына турган жери катары кемирүүчүлөрдүн, канаттуулардын, таш бакалардын ийиндерин колдонот, аларды кеңейтип, казып алышат, ошондой эле өздөрүнүн ийинин 3 метр узундукка чейин казып алышат. Апрель-октябрь айларында, күндүз активдүү. Кармай ала турган дээрлик бардык жандыктар менен тамактанат (кемирүүчүлөр, кескелдириктер, канаттуулар, таш бакалар, жыландар жана алардын жумурткалары, курт кумурскалар, музообаштар ж.б.), ал эми уулуу шилекейи кармаган ири олжосун кыймылга келтирбей таштайт. 30-40-жылдарда боз эчкемерди өнөр-жайда колдонушкан. Бул алардын санынын кескин кыскарышына алып келген, ал эми айрым жерлерде – алар толугу менен жок болуп кеткен.

***

Батыш Тянь-Шань тууралуу

Батыш Тянь-Шань тоо тутуму, ал эндемизмдин жогорку деңгээли жана бай флорасы жана фаунасы менен айырмаланып турат. Аймак ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастарынын тизмесине кирет, Биоартүрдүүлүктүн 34 глобалдуу Кызуу түйүндөрүнүн бири болуп саналат (Biodiversity Hotspots) жана Жапайы жаратылыштын дүйнөлүк фондунун (WWF) версиясы боюнча Global 200 дүйнөлүк экоаймактардын рейтингине киргизилген. Тянь-Шандын аймагында жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлардын 27 түрү жашайт жана Кызыл китепке киргизилген 54 өсүмдүк түрү өсөт.