Бүгүнкү интервьюнун каарманы, өз айтымы боюнча “браконьерден жаратылыш коргоочуга айланган” Нурлан Мамыркулов, азыркы учурда Алатай мамлекеттик жаратылыш паркында коомдук инспектор. Нурландын жаратылышты сактоо иштерине аралашканына 3 жылга чукулдап калды. Бийик тоолуу айыл арасында мыйзамсыз мергенчиден, жапайы жаратылыштын сакчысына кантип айланды, эмне түрткү болду? Ушул жана коомдук инспектордун иши тууралуу төмөндөгү маектен тааныша аласыздар.
Жаратылыштын жапайы жандыктарын коргоого кантип катышып калдыңыз?
Мен учурда Алатайдын коомдук инспекторумун. Айылдаштарым менен биргеликте, үч жылдан бери, өз ыктыярыбыз менен коомдук башталышта инспектор болуп келе жатабыз. Мындай кадамга баруубуздун бирден бир себебине өзүбүздүн жаратылыш байлыктарыбызды сактап калуу түрткү болду.
Ачык эле айтайын, мен 2018-жылга чейин тоо эчкилерге аңчылык кылган адамдардын катарында жүрчүмүн. Тактап айтканда, мен коомдук инспектор болгонго чейин, чыныгы браконьер элем. Айыл жеринде бийик тоодогу жапайы жаныбарларды өздөрүнүн жеке ээнчисиндей көргөн адамдардын тобу бар. Алар ар дайым тоо эчкилерди, эликтерди, уларларды атып, аңчылык кылуудан ырахат алышат. Анын натыйжасынан тукум улоочу эчкилер, жаш улактар улам азайууда.
Мына эми, мезгил келип, Токтогул районунда жаратылыштын байлыктарын сактоого багыт алган Алатай, ошондой эле биздин айылга чектеш Кан-Ачуу жаратылыш парктарынын түзүлгөнүн көрүп, биз абдан кубанып, дароо кубаттоого алдык. Анткени тоолорубузда жапайы жаныбарлардын саны азайып бара жаткан эле.
Ошол жаныбарлар тууралу айтып берсеңиз, аймакта кандай түрлөрү бар?
Биздин тоолордо негизинен тоо эчки, элик, аюу, суур кашкулак байырлайт. Кан-Ачууга чектеш тоолорубузда ак илбирс бар. Ал эми, Каракыр-Ата деген тоодо Кызыл китепке кирген улар канаттуусу да көп кездешет. Айылга жакын аймактарда кыргоол дагы пайда болуп калганып көрүп жүрөбүз.
Нурлан, Алатай паркына тиешелүү биргелешкен патрулдук топтордун жасап жаткан иш-аракеттери кандай?
Негизинен, биз Алатайдын егерь-токойчулар менен биргеликте жапайы жаныбарларга шарт түзөбүз. Мисалы, тоо эчкилерге, эликтерге туз таштайбыз, кышкы тоют азыгы үчүн чөп даярдайбыз. Мындан сырктары, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен бирге, браконьерлер менен күрөшүп, жан-жабырлардын сакталып, көбөйүшүнө салымымбыз зор десем жаңылышпайм. Жаз, күз мезигилдеринде Кара-Суу көлүнүн айланасында жаныбарларга санак жүргүзүп, аны менен чектелбестен, ага кошумча көлдүн жээгинде эс алуучулардан калган таштанды-калдыктарды да тазалап турабыз.
Браконьерлерди кармаган окуялар болдубу?
Албетте, биздин Алатайдын аймагындагы Кара-Суу көлүнө бир нече рейд иштерин жүргүзүп, эки жолу мыйзамсыз балык кармаган браконьерлерди кармаганбыз. Жыйынтыгында, биз аларга карата мыйзам чегинде акт түздүк.
Ошол мыйзамдын чегинде иш алып баруу, акт түзүү, дегеле дараметти жогорулатуу боюнча тренингдер канчалык пайдалуу болду?
Негизинен, баардык жүргүзгөн иштерди мыйзамдын талаптары боюнча аткаруу биринчи милдет. Эл менен иштеше билиш керек. Ишибиз башталгандан тартып, бизди ПРООН-ГЭФтин Батыш Тянь-Шандын биоартүрдүүлүгүн сактоо боюнча долбоору колдоп келүүдө. Айта кетсем, долбоордун алкагында уюштурулган тренингдерге катышып, жаратылышты сактоого тиешелүү укуктук-ченемдик актыларды, браконьерликке каршы иш-аракеттер тууралуу окудук.
Мындан сырткары, инспектордун укук-милдеттери кандай, биринчи медициналык жардамды кандай көрсөтүш керектигин да ушул тренингдерден билдим. Буларга кошумча, долбоор бизди атайын униформа жана дүрбүлөр менен камсыз кылып, фотокапкан жана GPS-навигатор менен иштөөнү үйрөттү.
Жергиликтүү калк менен биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча иш-аракеттерди жасап жатасыздар, жалпысынан айылдаштарыңыздын пикири кандай?
ПРООНдун (эскертүү - БУУӨПтүн) Токтогулдагы өкүлчүгү менен биргеликте, биз жасап жаткан иштерибиз тууралуу жыл сайын айылыбыздын мектеп окуучуларына лекция өтүп, жаштарды жаратылышты коргоого чакырып, алардын экологиялык билим деңгээлин көтөрүүгө аракет жасоодобуз. Мисалы, быйыл көчөбүздөгү жаш балдар менен биргеликте канаттууларга уя жасап, аны бактын арасына илдик. Муну менен жаштардын кызыгуусу пайда болуп жатат деп айтсам болот.
Жакында эле, айыл ичинде уюштурулган сынакка Алатай мамлекеттик жаратылыш паркынын коомдук инспекторлорунун атынан катышып, байгелүү орунга жетиштим. Негизинен, айыл тургундары биз аркылуу жапайы жаныбарларды сактап калуу болорун, ага аяр мамиле жасоо керетигин тушүнө баштады.
Келечекте пландарыңыз кандай?
Айылдагы бизди колдогон, жаратылышты сактоого кызыккан адамдардын тобунан жамаат болуп түзүлүп жатабыз. Жаратылыштын сакчылары көп болсо, табиятыбыз туруктуу болот. Айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин колго алып, алардын аң сезимин өзгөртүү боюнча иштейбиз. Кооз жаратылышыбызды сактоо аркылуу, экологиялык туризмди өнүктүрүүну колго алууну пландап жатабыз. Албетте браконьерлер менен күрөшүүнү дагы уланта беребиз. Алдыда дагы чоң иштер бар.
Нурлан, кызыктуу маек куруп бергениңиз үчүн рахмат айтып, ишиңизге ийгилик каалайбыз.
БУУӨП-ГЭФ долбоору тууралуу
БУУӨП азыркы учурда “Туруктуу жашоо шарттарын колдоо үчүн Батыш Тянь-Шань тоо экосистемасынын глобалдык маанидеги биотүрдүүлүгүн жана аны менен байланышкан жер жана токой ресурстарын сактоо” долбоорун ишке ашырып жатат. Долбоордун негизги максаты - уникалдуу жаратылыш комплекстерин жана биоартүрдүүлүктү сактоо, сейрек жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлардын жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн түрлөрүн коргоого жардам көргөзүү болуп саналат. Долбоор Глобалдык экологиялык фонд (ГЭФ) тарабынан каржыланат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жатат.
Биргелешкен патрулдук топтор тууралуу
Долбоордун алкагында браконьерликке каршы күрөштү күчөтүү үчүн биргелешкен патрулдук топтор түзүлүп, алардын иш пландарын иштелип чыгып, биргелешкен рейддер уюштурулууда. Патрулдук, укук коргоо жана көзөмөл тутумун өркүндөтүү максатында атайын окуулар өткөрүлүп жана жергиликүү коомчулуктар менен иш жүргүзүлүүдө. Долбоордун алкагында, биргелешкен патрулдук топтор байланыш, оптика, камера, экспедициялык шаймандар менен камсыз болушкан.